Коноктор WhatsApp аркылуу ачышат, жолду картадан табышат жана келерин бир басуу менен билдиришет.
21 шилтеме жөнөтүлдү — 124 киши ачтыКоноктор чакырууну туугандарына өздөрү жөнөтөт
Чоң сүрөт, аттар жана күнү — спам эмес экени дароо көрүнүп турат.
Бир шилтеме — Россиядагы туугандарга да бир секундда жетет. Үйдү-үйгө басуунун кереги жок.
Басмакана, конверт, таратуу чыгымы жок. Бир шилтемени канча адамга болсо да жөнөтөсүз.
Ким ачты, ким келет, канча киши — баары отчётто. Тойканага так сан айтасыз.
Үч тил, карта, календарь, бөлүшүү — конок баарын телефонунан табат.
Мөөрлүү конверт, жубайлардын аттары, жаштарга белек жана каалоолор.
Мисалды көрүү → Сүннөт той · Бешик той · Юбилей · Кыз узатууБир же бир нече ат. Сөздөр тойго ылайык: той ээлерине белек, каалооңуз.
Мисалды көрүү → АшТынч түстөр, атанын же апанын сүрөтү, бата-дуба. Той сөздөрү жок — баары урмат менен.
Мисалды көрүү →Конокторуңуздун аттары, телефондору жана каалоолору сизден башка эч кимге көрүнбөйт. Биз аларды эч кимге бербейбиз жана сатпайбыз.
Баракчаңыздын дареги табылгыс: аны билбеген адам ача албайт. Башка тойлордун жооптору сизге да көрүнбөйт.
Гость катталбайт, сыр сөз ойлобойт, эч нерсе орнотпойт. Атын жазып, «Барам» деп басат — болду.
Аттар, күн, тойкананын дареги.
Эки сааттын ичинде. Көрүп, оңдотуп аласыз.
WhatsApp, Instagram — каалаган жерге.
Баасы окуяга, тилдердин санына жана кооздолушуна жараша. Жазыңыз же чалыңыз — эки мүнөттө айтып беребиз.
Жок. WhatsApptagы кадимки шилтеме сыяктуу ачылат, эч нерсе орнотуунун кереги жок. Үй-ээлеринин телефондору да сайтта турат — кимде-ким кааласа, чалып койот.
Көбүнчө эки сааттын ичинде. Маалыматты берип, ошол эле күнү шилтемени ала аласыз.
Болот. Шилтеме ошол бойдон калат, ичиндеги маалымат гана жаңырат. Тойго чейин акысыз оңдойбуз.
Болот. Адамдын сүрөтү жок өзүнчө вариант бар — оюм жана жазуу гана.
Болот, эгер сизге сүрөт эле керек болсо. Бирок ал жерде конокторду эсептөө жок: ким келерин жана канча киши экенин эч ким жазбайт, сизге сан чыкпайт. Дареги да бөтөн болот, үч тилди бир баракта которо албайсыз. Биз болсо сайтты өзүбүз жасайбыз, сиз жөн гана шилтемени жөнөтөсүз.
Тойдон кийин бир жыл. Кааласаңыз, аны сүрөт альбомуна айландырабыз.
Ооба. Тынч түстөр, атанын же апанын сүрөтү, бата-дуба. Баракта «той», «жаштар» деген сөздөр болбойт. Ким келерин алдын ала билесиз — казанды эсептөө оңой.
Аттарды жана күндү жазыңыз — бүгүн эле кандай болорун көрсөтөбүз.
WhatsApp жазыңыз+996 558 03 04 92